2022-жылдын 7-сентябрында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Тайлаков Кеңешбай Доскулович Азербайжан Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы саясат жана керектөө рыногун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Аббасбейли Мамед Аслан менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө монополияга каршы ведомстволордун жетекчилери 2022-жылдын 20-апрелде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Азербайжан Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жана керектөө рыногун көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн монополияга каршы ведомстволорунун жетекчилери эки өлкөнүн кызматкерлеринин тажрыйба алмашуу, өз ара окутуу боюнча макулдашууга жетишти.