Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Тайлаков Кеңешбай Доскулович менен кызматтын эксперттери П.А. Ли жана С.Ш. Кокошеров 2022-жылдын 8-сентябрында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) «Трейд Диалог» эл аралык форум-көргөзмөсүнө катышышты. Көргөзмөнүн программасы бир нече пленардык секцияларды камтыйт: – керектөө рыногу: анализ, көйгөйлөр, өнүгүү жолдору; – чекене соода тармагындагы кризиске каршы стратегиялар. Пленардык секцияларда мамлекеттик органдардын эксперттери, коомдук бирикмелердин директорлору доклад жасашты. Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министри А.И.Богданов куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү. Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министринин орун басары Емельянова Н.А. “Беларусь соода мыйзамдарынын инновациялары” деген докладын сунуштады, ошондой эле социалдык маанидеги товарларга бааларды турукташтыруу үчүн рынокту толтуруу, чекене соода тармактар жана өндүрүүчүлөр менен келишимдерди түзүү маселелерине токтолду. Ошондой эле, Форумда азык-түлүк өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын, товарларды жеткирүү жана сатуу рынокторун кеңейтүү боюнча өз ара аракеттенүү үчүн байланыш топторунун продукциялары көрсөтүлдү.