– Мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу – 1 адам;
– Мамлекеттик жана муниципалдык административдик улуу жана кенже топко кирген кызмат орундарына жаны келген кызматкерлер үчүн кайрадан дайындоо курсу – 1 адам;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тутумундагы санариптик трансформациясы – 3 адам;
– Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишиндеги эл аралык кызматташтыгы – 2 адам.
Мамагенттиктин 1 кызматкери 2019-жылдын 17-октябрынан 30-октябрь аралыгына Корея Республикасынын Соннам шаарына “Атаандаштык жөнүндө мыйзамын жана рынок экономикасын өнүктүрүү” темасы боюнча семинарга катышып келди.
Ошондой эле, 2 кызматкер 2019-жылдын 21-октябрынан 24-октябрь аралыгына Венгриянын Будапешт шаарында өткөн монополияга каршы органдар үчүн “Атаандаштыктагы коргоо жана милдеттеме каражаттары” тууралуу семинарга катышып келишти.