2022-жылдын 9-ноябрынан 11-ноябрына чейин Россиянын Федералдык Монополияга каршы кызматынын чакыруусу боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адистери санариптик рыноктордо монополияга каршы иштерди кароо маселелери боюнча семинарга катышты. Семинар Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын (Москва ш.) монополияга каршы органдардын ортосундагы өз ара кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иш-чараларынын алкагында өткөрүлдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын аймагынан тышкары катталган жана глобалдык рыноктордо ишмердүүлүк жүргүзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин монополиялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюунун өзгөчөлүктөрү, санариптик рыноктордогу атаандаштыктын абалын баалоого карата мамилелер менен байланышкан маселелер талкууланды.
Мындан тышкары, Кызматтын адистери «Монополияга каршы саясат: илим, практика, билим» VII эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Конференция «Сколково» инновациялык борборунда Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Б.Т.Султановдун, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин, БРИКС атаандаштык мыйзамдары жана саясаты боюнча борборунун директорунун, БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн эксперттеринин катышуусунда өттү.
Семинардын жыйынтыгы боюнча, Кызматтын кызматкерлери тарабынан санариптик рыноктордогу кыянаттыктарга бөгөт коюуга байланыштуу, мыкты тажрыйбаны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизүү ниетин билдирди.