Мамлекеттик сатып алуу жол-жобоолорун жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеткирип берүүчүлөр менен келишимдер түзүлгөн:
- Күзөт кызматтарын сатып алуу – «Аякс регион» ЖЧКсы;
- Хостинг кызматтарын сатып алуу – «Оптима -Телеком» ЖЧКсы;
- Компьютердик техниканы оңдоо жана картридждерди толтуруу жана тейлөө боюнча кызматтарын сатып алуу – “Викимедиа” ЖЧКсы;
- Катуу тиричилик таштандыларын кабыл алуу, ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтарды сатып алуу – «Комтранском» ЖЧКсы;
- Документтерди жана буйруктарды башкаруунун автоматташтырылган тутумун камсыздоо (жаңылоо) боюнча кызматтарды алуу (АСКИД) – ЖИ Барышникова Е.Е.;
- 1С:Предприятие 8:3 Кыргызстандын бюджеттик уюмдары үчүн бухгалтердик эсеп программасын жаңылоо жана коштоо боюнча кызматтарды сатып алуу – ЖИ Таштанов А.Т.;
- Интернетке, ошондой эле санариптик телеберүүгө (IPTV) кирүүнү уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу – «Fastnet» ЖЧКсы;
- Жергиликтүү (стационардык) телефондук байланыш кызматтарын алуу: Кызматтын борбордук аппараты үчүн биринчи лот “БГТС” филиалы менен келишим түзүлгөн; Кызматтын аймактык бөлүмдөрү боюнча экинчи лот катышуучулардын жоктугунан өткөн жок.
- “Мамлекеттик сатып алуулар” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы күчүнө киргенден кийин Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык (мыйзамда “макулдашуу” деген сөз “контракт” деп алмаштырылган) “Кыргызтелеком» ААКсынын Чуй облустук филиалы менен Кызматтын аймактык бөлүмдөрүн локалдык телефон байланышы менен камсыз кылуу боюнча сатып алуулар жөнүндө жарыяны веб-порталда жарыялабастан бир булактан алуу ыкмасын колдонуу менен (табигый монополиянын субъектисинин кызматын сатып алуу).
- “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык Финансы Министрлигинин Окуу борбору менен веб-порталда сатып алуу (мамлекеттик кызматтарды сатып алуу) жөнүндө кулактандыруу жарыялабастан, “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” курсу боюнча персоналдарды окутуу кызматтарын көрсөтүүгө келишим түзүлгөн.
- Канцелярдык товарларды (жөнөкөй карандаштарды) сатып алуу боюнча мамлекеттик сатып алуу жол-жоболору товарлардын, жумуштардын жана кызмат корсөтүүлөрдүн электрондук каталогу – Тандоо аркылуу жүргүзүлүп жыйынтыгында– ИП Акбаралиева А.М менен келишим түзүлгөн.
- Тиричилик буюмдарын жана идиш-аяктарды сатып алуу –ИП Асанбаева А.З.
- Убактылуу пайдалануу үчүн диспенсерлерди берүү менен ичүүчү сууну сатып алуу. Бирок сатып алуу эки жолу ишке ашкан жок.
Эскертүү: 1-кварталда өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын 11-апрелинде “ТехнО2” ЖЧКсы менен компьютердик техниканы сатып алуу келишими тузүлгөн.