Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын расмий сайтына
жайгаштыруу үчүн мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору жөнүндө
маалымат
Кызматтын 2023-жылдын 15-февралындагы №16 буйругу менен товарларды,
жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Планы бекитилген.
2023-жылдын 1-кварталында мамлекеттик сатып алуулар боюнча 11 жол-жобо
жүргүзүлгөн.
Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорунун жыйынтыгында товарларды жана
кызматтарды сатып алуу боюнча төмөнкү берүүчүлөр менен келишимдер түзүлгөн:
1. Акипресс сайтына жазылуу кызматтары жана кирүү мүмкүнчүлүгү – “АКИКыргызстан” ЖЧКсы;
2. Көмүр кычкыл газдуу өрт өчүргүчтөрүн кайра заряддоо кызматтары – “СПБ
Кейджи” ЖЧКсы;
3.“Мамлекеттик тил бурчу” стендин даярдоо кызматтары – ЖИ Истамов Н.А;
4. Документтерди түптөө жана архивге өткөрүп берүү кызматы – КРнын Санариптик
өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Ош аймактык башкармалыгы;
5. Планшет – ЖИ Абдраимов Ж.Т.;
6. Күйүүчү майлоочу майлар – “Партнер Нефть” ЖЧКсы;
Ал эми, төмөнкү сатып алуулар боюнча келишимдер түзүлө элек:
7. Кеңсе эмеректери жана жабдуулар – баалоо жүргүзүлүп, “Люкс Трэвэл” жана
“ Мирай Трейд” ЖЧКлары жеңүүчүлөр болуп аныкталган;
8. Кызматтык күбөлүктөр – баалоо жүргүзүлгөн, жеңүүчү -“Учкун” ААК;
9. Кеңсе товарлары – баалоо жүргүзүлүп, жеңүүчүлөр болуп ЖИ Декебаев А.Т. жана
ЖИ Атабаева Д.О. аныкталган.
Буфет кызматтарын (өкүлчүлүк чыгымдар) сатып алуу, катышуучулардын
жоктугуна байланыштуу эки жолу болгон жок деп таанылды.