
Социалдык маанилүү товарлардын орточо рыноктук чекене бааларынын динамикасы
15.12.2022
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү тарабынан Нарын шаарында көмүрдүн баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
15.12.2022Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы №594 “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги №242 “Социалдык жактан маанилүү товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомдуруну аткаруу максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери, Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадамжай районунун жергиликтүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай районунда көмүрдүн баасын ооздуктоо боюнча иш-чара жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда кызматкерлер көмүр сатуучу ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн жөнгө салган баасында туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, 1 жазма эскертме жана 6 билдирүү берилди.
Мындан тышкары, бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын сакталышы боюнча түшүндүрмөлөр берилди.