2022-жылдын 3-кварталындагы Текшерүү планынын негизинде мамлекеттик акы төлөнгөн кызматтарды көрсөткөн аткаруу бийлик органдарына жана алардын ведомстволук мекемелерине 13 пландуу текшерүү өткөрүлгөн:
– И.Ахунбаев а.КММА;
– Бишкек шаарынын №5 стоматологиялык бейтапканасы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы” мамлекеттик мекемеси
– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин балык чарба Департаменти;
– Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлилинин консулдук кызмат Департаменти;
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо министрлигине караштуу адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борбору;
– Бишкек шаарынын ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардыкэпидемиологиялык козомолдоо борбору;
– Кыргыз билим берүү академиясы;
– И.Арабаев а. КМУ;
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министрлигине караштуу эне жана баланы коргоо Улуттук Борбору;
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо министрлигинин Улуттук госпиталы;
– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин «Унаа» мамлекеттик мекемеси;
– Бишкек шаарынын №6 стоматологиялык бейтапканасы.
Отчеттук кварталда жана андан мурун өткөрүлгөн текшерүүлөр материалдарын карап чыгуунун жыйынтыгында Кызматтын коллегиясы монополияга каршы мыйзамды бузгандыгы үчүн 9 632,4 миң сом суммасына кирешени кайтарып алуу жана 1 499,47 миң сом суммасына керектөөчүлөр менен кайра эсептешүүнү өткөрүү тууралуу чечим чыгарган.