2024-жылдын 1-кварталындагы Текшерүү планынын негизинде мамлекеттик акы төлөнгөн кызматтарды көрсөткөн аткаруу бийлик органдарына жана алардын ведомстволук мекемелерине 8 пландуу текшерүү өткөрүлгөн:
– КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти;
– КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы;
– КР Улуттук статистика комитетинин “Интеллектуалдык маалыматтар борбору”;
– КР Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгы;
– КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борбору;
– Темир жолу ооруканасы;
– КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
– КР Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды катто боюнча мамлекеттик агенттиги.
Отчеттук кварталда жана андан мурун өткөрүлгөн текшерүүлөр материалдарын карап чыгуунун жыйынтыгында Кызматтын коллегиясы монополияга каршы мыйзамды бузгандыгы үчүн 132 906 331 сом суммасына кирешени кайтарып алуу жана 335 662 сом суммасына керектөөчүлөр менен кайра эсептешүүнү өткөрүү тууралуу чечим чыгарган.