Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 5-апрелинде Баткен шаарларында жарнама мыйзамынын сакталышын көзөмөлдөө жана мыйзам бузууларды болтурбоо багытында мониторинг (рейд) жүргүзүлдү.
Мониторинг жүргүзүү учурунда, Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 3,4-пунктарынын бузуу фактысы аныкталган. Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 3,4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасында жашаган элдердин эне тилдеринде кошумча таратылат, эгерде жарнак берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, жарнакта лицензиянын номери, ошондой эле ошол лицензия берген органдын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
Мониторинг жыйынтыгы менен, Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамын бузуусу бар эки тиш дарылоочу жана бир процедуралык кабинеттерине, бир дарыкана ээлерине жазма эскертүү берилди жана кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан тышкары эскилиги жеткен жарнамалар алынды.