Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү 2024-жылдын 4апрелинде Чүй облусунун Кант шаарында жана Ысык-Ата районунун аймагында “Жарнама жөнүндө” КРнын мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда көпчүлүк ишкердик субъектердин сырткы жарнамаларында мамлекеттик тилдеги тексттинин жоктугу кездешүүдө. Ишкердик субъектерге мониторингтин жыйынтыгы менен жарнама жөнүндө мыйзамынын талаптары жана мыйзам бузуу аныкталган учурда Укук бузуулар жөнүндө КРнын кодексинин негизинде айып пул каралгандыгы боюнча маалымат берүү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү тарабынан Чүй облусунун район жана шаарларынын аймагында “Жарнама жөнүндө” КРнын мыйзамынын негизинде мониторинг жүргүзүү дагы улантылат.