Жыл сайын 5-декабрь Бүткүл дүйнөлүк атаандаштык күнү катары белгиленет. Эреже катары, бул күнү көптөгөн өлкөлөрдө коомчулукка атаандаштык жөнүндө маалымат берүүгө гана эмес, бүтүндөй экономиканын абалы, тажрыйба алмашууга, негизги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору жөнүндө сүйлөшүүгө мүмкүндүк берген, атаандаштыкты мындан ары өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.
КРнын ЭКМге караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бардык өлкөлөрдүн монополияга каршы ведомстволорунун кызматкерлерин жана кесиптештерин Бүткүл дүйнөлүк майрамы менен куттуктайт!
КР ЭКМге караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат) мамлекеттик монополияга каршы саясатты ишке ашырат жана экономиканын бардык тармактарында мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салууну, отун-энергетика комплексин кошпогондо, атаандаштыкты коргоону жана өнүктүрүүнү, өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгү жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөйт.
Кызматтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
Кызмат жыл башынан бери бул милдеттерди ишке ашыруунун үстүндө иштеп, белгилүү натыйжаларга жетишти.
«Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруунун алкагында Кызмат 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын товардык рынокторундагы атаандаштыктын абалы жөнүндө жылдык отчетту даярдап, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана монополияга каршы органдын интернет тармагындагы монополияга каршы органдын расмий сайтында жайгаштырылган.
Атаандаштыктын абалы жөнүндө жылдык отчет өлкөдөгү атаандаштыктын өнүгүү деңгээлин мүнөздөйт. Ушундай эле отчетту Кызмат жыл сайын түзүп турат.
Кызмат «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында, табигый монополиялардын субъекттери үчүн гана бааларды жана тарифтерди жөнгө салат. Башка рыноктордо баалар жана тарифтер рыноктук механизмди эске алуу менен субъекттер тарабынан өз алдынча түзүлөт.
Кызмат товардык рынокто үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишине экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзөт. «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин бузуу аныкталган учурда тиешелүү чаралар колдонулат.
Маалымат үчүн:
2022-жылдын 1-октябрына карата табигый монополиянын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин жалпы саны – 77 бирдикти түзөт.
Акыркы 3 жылдын ичинде “Манас” аэропортунун, “Кыргызаэронавигация”, “Кыргыз темир жолу” МИ, “Кыргызпочтасы” МИ жана башкалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө монополияга каршы орган тарабынан тарифтер жогорулатылбагандыгын жана мурдагы деңгээлинде калтырылгандыгын белгилөө керек.
2022-жылдын 1-октябрына карата Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттердин жалпы саны 104тү түзөт.
Кызмат мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды макулдашат. Отчеттук мезгилдин ичинде республика боюнча 9471 акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы (тарифтери) макулдашылган. Кээ бир макулдашылган кызматтар үчүн арзандатуу 40% га чейин болду.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 10 чечими боюнча Кызмат бааларды (тарифтерди) макулдашуу боюнча иштер жүргүзүлдү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” № 234 токтомунун 4-пунктун орундоо максатында Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексинин ишканаларына көмүр жеткирүүнү ишке ашырган көмүр казган ишканаларга көмүрдүн баасы белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 594 “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги “Социалдык маанидеги товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” № 242 токтомуна ылайык, Кызмат ата мекендик өндүрүштө өндүрүлгөн көмүргө, импорттук көмүргө Бишкек жана Ош шаарларынын, аймактардын, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары тарабынан атайын бөлүнүп берилген жайларда, стационардык пункттарда, отун базаларында сатылуучу көмүрдүн баасынын максималдуу чегин белгиледи.
Алсак, Кызмат жергиликтүү көмүрдүн тоннасына 4000 сомго чейин (Бишкек шаары жана Чүй облусу) жана Сүлүктү көмүрүнүн Кадамжай районунда 8000 сомго чейин максималдуу бааны, Нарын облусунун Жумгал районунда көмүрдүн баасы тоннасына 2200 сомдон белгиленди. Импорттолгон көмүрдүн максималдуу баасы тоннасына 5400 сом деңгээлинде белгиленди.
Кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан мамлекеттик жөнгө салуунун биринчи айында көмүр сатуучуларга түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлбөстөн, өздөрүнүн функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын алкагында контролдук иш-чаралар да жүргүзүлдү. Иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, салык жана ички иштер органдарынын кызматкерлери катышты.
Республика боюнча бардыгы болуп 186 кыдырып чыгуулар болду, анын ичинде Кызматтын төрагасы К.Д.Тайлаков жана анын орун басарлары тарабынан 556 субъектти камтуу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 390 билдирүү берилген. 109 факты боюнча мыйзам бузуулар аныкталып, алар боюнча Кызмат тарабынан бузууларды четтетүү жөнүндө жазма эскертүү түрүндө чечимдер кабыл алынган. Мындан тышкары, КР Жоруктар жөнүндө кодексинин алкагында 20 айып пул салынган. Айып пулдар негизинен соода эрежелерин бузгандыгы үчүн (286-берене), жөнгө салынуучу бааларды жогорулаткандыгы (290-берене) үчүн салынды.
Кызмат кайрылууларды кароонун жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, керектөөчүлөргө 1 674 483 сом кайтарылган.
Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамын бузууга жол бербөө максатында Монополияга каршы органдын демилгеси менен 179 мониторинг жүргүзүлүп, 66 кайрылуу/арыз каралды. Мониторингдин жана арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча 97 жазма буйрук берилген, алардын ичинен 93ү аткарылды, калган – 4ү аткаруу процессинде турат. Айып салуу жөнүндө 78 токтом чыгарылды, 54ү аткарылды, 24ү кароодо (аткаруу мөөнөтү жете элек). Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын ченемдерин бузгандыгы үчүн 1 548 500,50 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынган.
Социалдык жактан маанилүү товарларга (СЖМТ) бааларды туруктуу кармоонун алкагында Кызмат дайыма төмөнкүдөй алдын алуу иш-чараларды жүргүзөт:
СЖМТ рыногунда төмөнкү иштер аткарылды:
Отчеттук мезгил ичинде жумалык мониторингди жүргүзүүнүн алкагында республика боюнча СЖМТ бааларына 292 мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга 36 сунуштар берилген.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин жана ун тармагынын ишканаларынын ортосунда рынокту сапаттуу буудай уну жана мал чарбачылыгы үчүн тоюттар менен арзан баада толтурууга өбөлгө түзгөн кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында, ун ишканалары республиканы ун менен камсыз кылуу боюнча бир катар милдеттенмелерди өзүнө алышты. Макулдашуу ушул жылдын 31-августуна чейин жарактуу. Бул ун менен нандын баасын жогорулатпай кармап турууга мүмкүндүк берди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-августундагы № 119 токтому менен данга КНСтин коюмун нөлгө түшүрүү каралган, ал 2022-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
2022-жылдын 11-мартында монополияга каршы мекеменин -“Кайыңды Кант” ААКынын, “Кошой” ААКнын жана соода түйүндөрүнүн атынан калк үчүн кум шекерди сатуу рыногунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн. Ал боюнча соода тармактары баалардын өсүшү учурунда (март) кум шекерди арзандатылган баада акция менен бир колго 1 кг чектөө менен арзандатуу карталары/лоялдуулук карталары боюнча сатышкан, бул калкты жеткиликтүү баада кум шекер менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Мөөнөтү 2022-жылдын 15-майында аяктаган. Анын иштеп жаткан мезгилинде кум шекер соода тармактарында жеңилдетилген баада 60 сомдон/кг сатылат.
2022-жылдын 27-майында монополияга каршы орган, “Кайыңды Кант” ААК атынан кум шекерди өндүрүүчү, импорттоочу жана сатуучу чарбакер субьект жана соода түйүндөрүнүн ортосунда калк үчүн кум шекерди сатуу рыногунда өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн. Макулдашуунун шарттары боюнча, соода түйүндөрү арзандатуу карталары (лоялдуулук карталары) боюнча күнүнө 1 кг чектөө менен кум шекерди сатышат. Жеңилдетилген баада кум шекер 79 сомдон, ал эми кийинки бааны тууралоо менен килограммы 78 сом болду. Макулдашуунун мөөнөтү 2022-жылдын 31-октябрына чейин.
Айыл чарба министрлиги тарабынан бөлүнгөн квотанын чегинде алымсыз (пошлина) кумшекерди жеткирүүчүлөр менен жумушчу тартипте келишимдин долбоору иштелип чыкты.
– “Бишкекпродторг” ЖЧК жана “Шекер” ЖИ – 50 тоннага
– “Союзпродукт” ЖЧК жана “Умай групп” ЖЧК – 100 тоннага.
Натыйжада, төмөнкү келишимдер түзүлдү:
– “Бишкекпродторг” ЖЧК жана “Шекер” ЖИ – 100 тоннага
– “Союзпродукт” ЖЧК жана “Умай групп” ЖЧК – 100 тоннага.
Көрсөтүлгөн жеткирүүчүлөр кумшекерди килограммы 77 сомдон чыгарышат, чекене сатууда килограммын 79 сомдон сатышат. Азыркы учурда, Макулдашуунун мөөнөтү бүткөнүнө карабастан кумшекер макулдашуу убагындагыдай эле баада сатылып жатат.
Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын (метрологиялык көзөмөл), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин даярдоо эрежелерин сактоону контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына (Кыргызгидромет, Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана, КР ИИМинин ЖККБББ) 69 пландуу жана 19 кайра текшерүү жүргүзүлгөн, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бузууларды четтетүү боюнча 22 көрсөтмө берилген. Укук бузуу жөнүндө 13 протокол түзүлдү. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча 488 000 сом суммасындагы жаза чара көрүү жөнүндө 12 токтом чыгарылып, республикалык бюджетке өндүрүлгөн.
Кызмат тарабынан жүргүзүлгөн контролдук иш-чаралардан республикалык бюджетке түшкөн кирешелер жөнүндө маалымат
Көрсөткүчтөр | 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жылдын 9 айында |
Контролдук иш-чаралардан түшкөн кирешелер | 151 224 934 | 168 404217 | 129 075 958,7 |
Керектөөчүлөр менен кайра эсептешүү | 6 584 400 | 15 261 539 | 12 883 483, 59 |
Бардыгы | 157 809 334 | 183 665 756 | 141 959 442,29 |