Квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
– жогорку экономикалык жана/же юридикалык билими.
Стажы жана иш-тажрыйбасы:
– эмгек стажына (тажрыйбасына) талап коюусуз.
Кесиптик компетенциясы:
Билими:
– Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”.
– 2012-жылдын 2-июнундагы №362 “Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамын бузуу тууралуу иштерди карап чыгуунун эрежелери жөнүндө”; 2015-жылдагы 27-июлундагы №534 “Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө”; 2014-жылдын 30-сентябрындагы №560 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө”; 1998-жылдын 12-октябрындагы № 667 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө”; 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 “Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө” токтомдору.
Жөндөмү:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматты, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоого;
– кызматтык милдеттерине ылайык өз ишмердигин натыйжалуу пландоо;
– керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнак системасындагы улуттук жана чет элдик тажрыйбаны талдоону өткөрүү жана аны практикада колдонуу;
– жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду карап чыгуу жана даярдоо;
– мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкер кат алмашуусу;
– командада иштей билүү.
Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
– компьютердик жана уюштуруу техникаларынын керектүү программалык продуктыларын колдонуу, ошондой эле билүү;
– бетачаарларды уюштуруу;
– маалыматтарды таблица, диаграмма и график түрүндө көрсөтүү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасындагы маалыматтык системасын колдонуу;
– веб-конференця байланышын уюштуруу тиркемелерин колдонуу;
– видеоматериалдарды сактоо, жеткизүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерин колдонуу;
– антивирустук программаларды колдонуу;
– Шифрлоо аркылуу маалыматтык системаларды жана маалыматтарды коргоо;
– логин жана паролдорду орнотуу;
– компьютер менен иш алып барууда маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.
дата окончания: 2019-08-17