Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Ж.Д. аттуу жарандын “ЦУМ Айчүрөк” соода борборунда жайгашкан “Х” дүкөнүнө карата кайрылуу арыз келип түшкөн. Арыз ээси уюлдук телефон (iPhone, Apple, 14 PRO) 121900 сомго сатып алгандыгын билдирген. Бирок колдонуу учурунда үндүн начар угулуусу, жоголуп кетиши, видеонун титирөөсү сыяктуу кемчиликтери байкалган. Арыз ээси кепилдик боюнча компаниянын тейлөө борборуна кайрылган. Тейлөө борбору программалык камсыздоону өзгөртүп, жаңырткандан кийин мүчүлүштүктөр чечилиши мүмкүн экендигин билдирип, арыз ээсине байкоо жүргүзүүнү сунуштаган. Бирок мүчүлүштүктөр улана берген. Арыз ээси аныктама жүргүзүлгөн жана аткарылган иштердин актысы берилген тейлөө борборуна кайрадан кайрылган.
Мүчүлүштүктөрдү аныктоо учурунда
дисплейди алмаштыруу зарылдыгы аныкталган.
Керектөөчүнүн арызын кароонун жыйынтыгы боюнча Монополияга каршы жөңгө салуу кызматы тарабынан “Х” дүкөнүнө акча каражатын арыз ээсине кайтарып берүүнүн зарылдыгы жөнүндө жазма эскертүү берилген. Кызматтын жазма эскертүүсү аткарылып, арыз ээсине 121900 сом акча каражаты, ошондой эле 15000 сом өлчөмүндө компенсация кайтарылып берилди.