Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды.
04.04.2023Чийки сүттү сатып алуу баалары талкууланды
05.04.2023Социалдык “Facebook.com” тармагында Бишкек шаарындагы “Бимар” супермаркетинде товарлар улуттук валютада (сом менен) сатылбай жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адистери тарабынан бул маалыматты аныктоо максатында 2023-жылдын 3-апрелинде “Бимар” ЖЧКсынын үч гипермаркетин кыдырган. Көчмө иш-чаралардын жүрүшүндө, эреже бузуулар Токтогул көч., 116 дареги боюнча жайгашкан “Бимар” ЖЧК гипермаркетинде аныкталды.
Дүкөндүн администрациясынын айтымында, товарлардын баалары чапталган кагаздагы катачылык техникалык мүчүлүштүктөргө жана программалык камсыздоонун бузулушуна байланыштуу болгон.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адистери тарабынан мыйзам бузуулар катталып, укук бузуу жөнүндө протокол жана кылмыш иши боюнча жаза чарасы түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 390 – беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, керектөөчүлөр үчүн товарларга (кызмат көрсөтүүлөргө, жумуштарга) баалар (тарифтер) жөнүндө улуттук валютадагы маалыматтын жоктугу үчүн юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүчтөн айып салынды.
Супермаркеттин администрациясы мыйзам бузууну мойнуна алып, мындан ары Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин сактоого өзгөчө көңүл бурарын билдирди.
“Бимар” ЖЧКнын дарегине Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарын бузууну токтотуу тууралуу жазма эскертүү жөнөтүлдү.