“Бимар” соода жайына жазма эскертүү берилди
04.04.2023Ош шаарында тейлөө жабдуулары боюнча мониторинг жүргүзүлдү
05.04.2023Чийки сүт рыногундагы
кырдаалды баалоо максатында, сүттү кайра иштетүүчү заводдордун өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү. 8
2023-жылдын 4-апрель күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков менен кызматтын эксперттери биргеликте “Бишкек сүт” ААКын жетекчилиги менен ишкананын аянтчасында жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө сүттү сатып алуудагы баалардын сезондук өзгөрүшүн, сүт азыктарын өндүрүүдө кеткен чыгымдар (пастерленген сүт, быштак, коюу каймак ж.б.) тууралуу кеңири талкууланды.
Төрага Кеңешбай Тайлаков чийки сүттү сатып алууда бааларды турукташтыруу, сүт азыктарына чекене баалар бир топ жогорулап кеткендигине байланыштуу дүң-сатуу бааларын кайра карап чыгуу зарылдыгын, ошондой эле монополияга каршы мыйзамдардын, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин жана өлчөөчү приборлорго коюлуучу талаптарды бузууга жол бербөөгө чакырды.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бардык тараптарды чийки сүттү сатып алуу рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн, кайра иштетүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктары сактала турган келишим түзүү маселесин кароого чакырат.