Чийки сүттү сатып алуу баалары талкууланды
05.04.2023Жалал-Абад шаарында мамлекеттик символикалар боюнча жыйын өттү
05.04.2023Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы No 869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарынын аймагындагы күйүүчү май куйуу станцияларында (АЗС), соода объектилеринде, дарыканаларда банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды тейлөөгө арналган жабдуулардын (түзмөктүн) бар (жок) экендиги боюнча иш чаралар жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 14 объектилери камтылды, ошол эле учурда 5 чарбакер субъектте банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды тейлөөгө арналган жабдуулардын (аппараттын) жоктугу аныкталды.
Жыйынтыгында жогорудагы 5 чарбакер субьектиге бир айлык мөөнөт менен банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды тейлөөгө арналган жабдуулардын (түзмөктүн) орнотуу боюнча эскертүү кагаздары берилди.
Керектөөчүлөрдүн укуктарын сактоо, коргоо жана Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларын бузууга жол бербөө максатында чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилерине (өкүлдөрүнө) түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, керектүү консультациялар берилди.
Ошондой эле сатуучулар (аткаруучулар) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-аппараттык түзүлүштү) орнотууга милдеттүү экендиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.