2023-жылдын 1-кварталындагы ишкердик субъекттерине өткөрүлгөн текшерүүлөр тууралуу
17.04.20232023-жылдын 2-кварталындагы аткаруу бийлик органдарына жана алардын ведомстволук мекемелерине өткөрө турган текшерүүлөрдүн планы:
18.04.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан КР шайкештикти баалоо жана контролдоо органдарынын ассоциациясынын өкүлдөрү менен акыркы мезгилде жарандар тарабынан активдүү талкууланып жаткан транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк берүүгө баалардын наркы маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө ассоциациянын өкүлдөрү ишмердиги тууралуу маалымат берип, сертификаттоо органдарынын кызмат көрсөтүүдөгү кыйынчылыктары жана жалпысынан кырдаал тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, учурда республиканын аймагында 7 лаборатория иштеп жатат. Мындан тышкары жакынкы мезгилде аталган тармактагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын мындан ары төмөндөтүүгө өбөлгө болуучу, региондордо дагы 10 жаңы лабораториянын ачыла тургандыгын айтты.
Кеңешменин жыйынтыгы менен сертификаттоо органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүнө жараша 30% дан 50% га чейин төмөндөтүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Аталган чечим КР шайкештикти баалоо жана контролдоо органдарынын Ассоциациясынын Президенти тарабынан аталган ассоциациянын мүчөлөрү менен макулдашылгандан кийин айтылды. Ошентип, Кызмат транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк берүүгө баалардын төмөндөгөндүгүн белгилейт.
Прейскурант
Белгилей кетсек, азыркы учурда республикада транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу боюнча күбөлөндүрүү (кароо) жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр рыногу атаандаштуу болуп саналат. Ошондой эле бул кызмат көрсөтүү монополияга каршы жөнгө салууга туура келбеген жеке менчик формасындагы уюмдар тарабынан көрсөтүлөт.