Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кароосунда “Токмок Водоканал” МИнын ичүүчү суу жана саркынды суу тарифтери каралып жатат.
17.04.2023Ак ниет жүрүм-турум
18.04.2023Териштирүүлөр, монополияга каршы мыйзамдарды сактоону жана жарнаманы контролдоо башкармалыгы 2023-жылдын 1-кварталындагы ишкердик субъекттерине өткөрүлгөн текшерүүлөр боюнча жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу маалыматты Кызматтын расмий сайтына жайгаштыруу үчүн жиберет:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы “2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” №380 Жарлыгынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 30.12.2022-жылдагы №725 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан 2023-жылдын 1-кварталында ишкердик субъектилерге пландык текшерүүлөр жүргүзүлгөн эмес.
Ошону менен бирге, Кызматтын метрологиялык көзөмөл башкармалыгы келип түшкөн арыздардын жана кайрылуулардын негизинде ишкердик субъекттерине ченөө бирдейлигин камсыздоо жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча 10 текшерүү, анын ичинде: 8 пландан тышкары жана 2 контролдук текшерүү жүргүзгөн.
Пландан тышкары текшерүүлөр:
- “Газпромнефть – Азия Операционная компания” ЖАК;
- “Альфа Ойл” ЖАК;
- “Фуд Дрим” ЖАК;
- “Ибрагимов Акбар Хусаинович” ЖИ;
- “Ригель” ЖЧК;
- “Шнос” ЖЧК;
- “Асанова Гули” ЖИ;
- “Серков Валерий Валерьевич” ЖИ;
Контролдук текшерүүлөр:
1. “Электросила” ЖЧК;
2. “Альфа Ойл” ЖЧК.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ченөө каражаттарын пайдалануу тартибин бузгандыгы жана күйүүчү-майлоочу материалдарды толук куйбагандыгы үчүн 34 000 с. өлчөмүндөгү укук бузуулар жөнүндө эки протокол түзүлгөн, ченөө каражаттарын пайдалануу тартибин бузгандыгы үчүн 34 000 сом суммасындагы укук бузуулар жөнүндө 2 протокол түзүлгөн, эреже бузууларды жоюуга бир көрсөтмө берилген, даяр продукцияны берүүдө