“Кыргызтелеком” ААК тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарына тарифтер белгиленди
05.07.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте Кочкор районунун базарларында эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү.
06.07.2023Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э. Төрөбаевдин тапшырмасын аткаруу алкагында, Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын жетекчиси К.Д. Тайлаковдун төрагалыгында, Кызматтын аянчасында республиканын күйүүчү-майлоочу материалдар рыногунда иш алып барган ири нефтетрейдерлердин катышуусунда жумушчу жыйын өттү.
Жыйында баа тармагындагы жагдайлар, ички рыноктун камсыздандырылгандыгы жана КММ рыногуна таасир этүүчү факторлор талкууланды.
Жыйынтыгында, ички рынокту толтуруу жана өзгөчө дизел отунуна болгон баа жагдайын стабилдештирип, бааны төмөндөтүү максатында, нефтетрейдерлер тарабынан колдоого алынган төмөнкүдөй сунуштар берилди:
- чектөө жана жылмакай баа саясатын жүргүзүүнү улантуу;
- ата мекендик мунай кайра иштетүүчү заводу «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК («Кыргызнефтегаз» ААК) менен дизелдик отун сатып алуу боюнча келишимдерди түзүү маселесин кароо.
Белгилей кетсек, азыркы учурда КММга болгон республика боюнча орточо баа төмөнкүдөй:
- АИ 92 – 57,2 сом/литр;
- ДТ – 70,3 сом/литр;
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жана коңшу мамлекеттерде КММга жана суютулган көмүрсуутек газына (Автогаз) болгон орточо салыштырмалуу баалар төмөнкүдөй:
Кыргызстан | Казахстан | Россия | Белоруссия | Армения | Таджикистан | Узбекистан | |
Аи-92 | 57,2 | 39,8 | 50,2 | 66,2 | 90,6 | 73,0 | 64,6 |
Аи-95 | 62,2 | 45,2 | 56,1 | 69,1 | 97,4 | 75,2 | 83,6 |
Дт | 70,3 | 57,2 | 60,6 | 69,4 | 99,7 | 90,6 | 95,0 |
СКГ | 28,4 | 13,6 | 23,4 | 36,3 | 38,5 | 33, 2 |
Ошондой эле, 2023-жылдын 1-июлунан тартып СКГга (автогазга) акциздик салык тоннасына 3000 сом өлчөмүндө киргизилгендигине байланыштуу, автогазга болгон баа литрине 1,8 сомго чейин көтөрүлөөрү күтүлүүсүн белгилей кетүү керек.