Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген “Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 5-июлундагы №30 буйругу менен “Кыргызтелеком” ААК тарабынан көрсөтүлүүчү жергиликтүү телефондук байланышынын төмөнкү кызматтын түрлөрүнө тарифтер белгиленди:
Аталышы | Жеке жактар үчүн тарифтер, сом | Юридикалык жактар үчүн тарифтер, сом |
Айына телефон үчүн абоненттик төлөм | ||
Республика боюнча | 91 | 139 |
Жалпы пайдалануу тармагына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү (орнотуу) | ||
Бишкек ш. | 550 | 750 |
Областтын борборлору, р/б, штп | 200 | 450 |
Эскертүү: Тарифтер салыктарды эске албастан көрсөтүлгөн