2023 — жылдын 3-июлунда Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин алдындагы Жарнама боюнча координациялык кеңештин колдоосу жана Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын көмөгү менен “Жарнамалык сабаттуулук” маалыматтык кампаниясы старт алды. Маалыматтык кампанияны ишке киргизүү жөнүндө чечим 2023 – жылдын 23-майында Жарнама боюнча кеңештин кезексиз отурумунда КМШга катышкан мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган.
Маалыматтык компания жарнамалык материалдарды түзүүнүн жалпы эрежелерин, анын ичинде “мыкты”, “биринчи” деген сөздөрдү колдонуу тартибин, ошондой эле жарнама берүүчүлөрдүн өзүн – өзү текшерүү үчүн жарнамага карата милдеттүү талаптардын тизмесин камтыган маалыматтык материалдарды даярдоо жана мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын расмий сайттарына жайгаштыруудан турат. Маалыматтык материалдар толуктоолордун даярдалышына жараша дайыма жаңыланып турат.
Бул долбоор ишкерлерге жарнама жөнүндө мыйзамдарга ылайыктуулугу жана керектөөчүлөр үчүн жагымдуулугу боюнча өз жарнамаларын баалоого жардам берет.