03.07.2023
Ысык-Көл районунун курорттук аймактарында өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында, 2023-жылдын 3-июль күнү Ысык-Көл мамлекеттик администрациясынын аянтчасында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары А. А. Мамыралиевдин, Ысык-Көл облусунун жетекчилиги, айыл өкмөт башчыларынын жана мамлекеттик жана жеке менчик түрүндөгү санаториялык-курорттук мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык жактан маанилүү товарларга жана тамак-аш азыктарына, санаториялык-курорттук кызматтарга баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө […]