Социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө
11.08.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат) тарабынан Джалал – Абад облусу боюнча Базар-Коргон,Ноокен, Сузак райондук суу ресурстары жана Джалал-Абаддык башкы суу ресурстары кызматтарына өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатында пландык текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө улуттук метрологиялык органы жана аккредитацияланган метрологиялык кызмат тарабынан текшерилбеген суунун чыгымын өлчөөчү каражаттар (ЧӨК) ченөө ишин жүргүзүп жатышкан, бул өз кезегинде 2014-жылдын 9-июлундагы Кыргыз Республикасынын “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” №118 Мыйзамынын 10-беренесинин талаптарын бузулгандыгын билдирет.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Бузулар жөнүндө” Кодексинин 391-беренесине ылайык административдик айып пулдар салынып, жана белгиленген мөөнөттө жоюу үчүн эскертмелер берилди.