Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы Б.Т. Сатыгулов жана кызматкерлери, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси К.Н. Кийикбаевдин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” жана “Атаандаштык жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде, 2023-жылдын 10-август күнү Токтогул районун борбордук базарына жана ири соода түйүндөрүнө социалдык жактан мааниге ээ болгон товарларга биргелешкен мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр аныкталды:
Социалдык жактан маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Токтогул районунун борбордук базарындагы жана ири соода түйүндөрүнүн сатуучуларына бааларды негизсиз жогорулатпоо максатында Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндөгү” жана “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарын түшүндүрүштү.
Мониторингдин жыйынтыгында Токтогул районунун аймагында социалдык мааниге ээ товарларга жана азык-түлүктөргө болгон баалар туруктуу, жана негизсиз бааларды көтөргөн учурлар жок экендиги аныкталды.
Мындан арыда бөлүм тарабынан социалдык мааниге ээ болгон товарларга жана азык-түлүктөрдүн бааларына болгон мониторинг жана сатуучуларга түшүндүрүү иштери күн сайын уланмакчы.