Талас облусунда көмүр баасына мониторинг жүргүзүлдү.
30.10.2023Ош облусунда көмүр баасына мониторинг жүргүзүлдү
31.10.2023Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери Баткен шаардык мэриянын, участкалык милициянын жана жалпыга маалымат каражатынын өкүлдөрү менен биргеликте 2023-жылдын 30-октябрда Баткен шаарында көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзгүлдү.
Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №12 буйругуна ылайык Баткен облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленгендигин тааныштыруу максатында топ базада көмүр сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээли Баткен шаарында жана Баткен районунда Сүлүктү көмүрү тангакталганы 1 кг. 9,5 сомдон жана 1 тн. 9000 сомдон, ал эми жергиликтүү көмүрдүн 1 тн. 7000 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар айтылып, ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн жөнгө салынган баасында туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө керектиги түшүндүрүлдү.