Баткен облусунда көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзгүлдү.
31.10.2023Ош шаарында көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүздү
31.10.2023Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында көмүргө болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №133 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн (мындан ары–Бөлүм) 2023-жылдын 25-октябрындагы №4/28 буйругу менен Ош облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленди. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө максатында, 2023-жылдын 30-октябрь күнү Бөлүмдүн кызматкерлери, Кара-Суу райондук администрациясынын жана салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунун аймагында көмүр сатуучуларга, Ош облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Кара-Суу районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7,3 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтар илинди.