Ош облусунда көмүр баасына мониторинг жүргүзүлдү
31.10.2023Кызматтын Чүй облустук бөлүмү Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда нан(бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) белгиленген максималдуу дүн жана
01.11.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №10 буйругана ылайык Ош шаарынын аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленген.
2023-жылдын 31-октябрында Ош шаарынын мэринин 1-орун басары М.Исаветин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүнүн кызматкерлери шаар калкынын көмүр сатып алууда экономикалык абалына терс таасирин тийгизбөө, социалдык жактан аялуу катмарын баалардын негизсиз, кымбат баадан коргоону камсыз кылуу максатында Ош шаарынын Керме-Тоо жана Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы көмүр сатуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээли эленгени 1кг – 7 сомдон, эленбегени 1т -6500 сомдон, белгиленгени жөнүндө маалыматтар айтылып, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, баалар жөнүндө маалыматтар илиндирилди. Ошондой эле соода эрежелерин бузууларга жол берилген кезде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөрү айтылды.
Жогорудагыдай иш-чаралар шаардын бардык аймактарында белгиленген графике ылайык жүргүзүлүп турмакчы.