Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мониторинг жүргүзүлүп Нарын шарында жайгашкан 5 көмүр отунун сатуу жайлары камтылып жана көмүр сатуучу ишкерлерге тараза коюу жана көмүрдүн баасы көрүнүктү жерге илиниши боюнча бекитилген балардын негизсиз жогорулашына жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө КОДЕКСИнин 390-беренесинин “Керектөөчүлөр үчүн товарларга (кызматтарга, жумуштарга) улуттук валютада баалар (тарифтер) жөнүндө маалыматтын жоктугу” үчүн Ш. К аттуу жаранга протокол толтурулуп айып пул салынды.