Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесине ылайык мамлекеттик мекемелерде POS-терминалдар жана/же QR коддору боюнча жабдуулар менен камсыздануусу боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө Нарын токой чарбасында накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн POS-терминал жана QR-коддук жабдуулар менен камсыздандырылбагандыгы аныкталды.
Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 49-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү тарабынан Нарын токой чарбасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна жол бербоо максатында жазма эскертуу берилди.