Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Г.К.Асылбаеванын буйругу менен 15-март Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата бир айлык иш чара жарыяланган.
Ушул бир айлыктын алкагында 2024-жылдын 28-март айында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары А.А.Мамыралиев жана Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ак ниет эмес атаандаштык бөлүмүнүн башчысы Р.Т.Казаковдун катышуусунда Нарын шаарындагы М.Мырзабеков атындагы №87 кесиптик лицеийнин жыйындар залында мугалимдер жана студенттер менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормалары жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын алып барган иштери жөнүндө маалыматтар берилди.
Андан сырткары кызмат көрсөтүүдөгү, аткаруудагы, жана сатып алуудагы керектөөчулөрдун укуктары боюнча маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле төмөндөгу маселер талкууга алынды:
-товар (иш, кызмат) жөнүндө маалыматтар;
-сапаты талаптагыдай болбогон азык-түлүк эмес товарды алмаштыруу;
-товардын (иштин, кызматтын) коопсуздугу;
-товар талаптагыдай эмес сапатта болсо керектөөчүнүн талабын аткаруу мөөнөтү ж.б..
Иш-чаранын жүрүшүндө берилген суроолорго тиешелүү жооптор берилди.