Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-2-пункттарын мамлекеттик жана мамлекеттик кызмат корсотуучу мекемелерде POS-терминалдар жана/же QR коддору боюнча жабдуулар менен камсызданууну ишке ашыруу боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө “Калкты тейлөө борбору” мекемесинде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн POS-терминал жана QR-коддук жабдуулар бар экендиги аныкталды.
Ал эми Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда QR-код жабдуусу жок болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинин 15-абзацына ылайык мамлекеттик мекемелер: “ товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө төлөм системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) пайдалануу менен сатып алуучунун накталай эмес формада төлөө ыкмасын тандап алуусун чектөөгө. Сатуучулардын (аткаруучулардын) тизмеги, ошондой эле сатуучулар (аткаруучулар) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) өздөрүндө орнотууга милдеттүү”.
Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 49-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү тарабынан “Банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, төлөм терминалдарынын QR-коддорун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштөрдү) орнотуу жана колдонуу аркылуу” Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде керектөөчүлөрдүн укуктарын корголушун камсыз кылуу боюнча Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жазуу түрүндө көрсөтмө берилди.
Бул багыттагы иштер улантылат.