15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования жөнгө салуу кызматынын жарыялаган бир айлык планынын алкагында, Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 2024-жылдын 28-март күнү Октябрь району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушунун жүрүшүндө муниципалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү боюнча жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 53-беренесинде көрсөтүлгөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери жөнүндө маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында, иш жүзүндө аткарылып жаткан иштери жөнүндө маалыматтар жана керектөөчүлөрдөн келип түшкөн арыздарды кароодо кызматташуу жөнүндө, пикир алмашуулар орун алды.