Макулдашылган тарифтердин тизмеси 2023-жыл.
25.12.2023Кызматтын Чүй облустук мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген жарнак фактылары боюнча мониторинг жүргүзүлдү
26.12.2023Кызматтын дарегине А.А. аттуу жарандан сатып алынган товар үчүн төлөнгөн акча каражатын кайтарып берүү маселеси боюнча электрондук кайрылуусу келип түшкөн.
Билдирүүгө ылайык, керектөөчү “М..Д” дүкөнүнөн айымдардын дубленкасын сатып алган, бирок үйгө келгенде жарыяланган мүнөздөмөлөргө ылайык (Эко) сапатына жооп бербейт тургандыгын байкаган.
Ошону менен бирге, керектөөчү эртеси күнү сатуучуга сатып алынган дубленкасынын акча каражатын кайтарып берүү боюнча өтүнүчү менен кайрылган. Бирок, тилекке каршы керектөөчүнүн талаптары канааттандырылган эмес.
Ошентип, Кызмат Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” мыйзамынын 11-беренесине ылайык, керектөөчү өзүнө зарыл болгон касиетке ээ эмес товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) сатып алса, керектөөчү келишимди бузууга жана товарга төлөнгөн сумманы толугу менен кайтарып алууну жана тарткан чыгымдарды калыбына келтирүүнү талап кылуу укуктуу. Мында керектөөчү товарды (аткарылган ишти) даярдоочуга (аткаруучуга, сатуучуга) кайтарып берүүгө милдеттүү, дүкөндүн жетекчилиги менен тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, керектөөчүнүн алынган товарды кайтарып берүү укугу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ушуга байланыштуу, түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен дүкөндүн жетекчилиги сатып алынган товар үчүн төлөнгөн 29000 миң сом акча каражатын керектөөчүгө кайтарып берген.
Ошентип, керектөөчүнүн талаптары канааттандырылды.