Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда 2024-жылдын 9-январында көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда белгиленген баадан жогору сатып жаткан жайлар аныкталбады. Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда көмүрдүн баасы туруктуу, көмүрдүн баалары боюнча маалымат илинбегендигине байланыштуу Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагында көмүр сатуучулар М.Э. жана М.Б. аттуу жарандарга КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 390-беренесинин 4-пунктуна ылайык 1000 сомдон айып пул салынды.