Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын шаарында сатылып жаткан көмүр отунуна жеринде баанын спекулятивдүү өсүшүнө бөгөт коюу жана алдын алуу максатында мониторинг иштери жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда 6 көмүр отунун сатуу жайлары камтылып жана көмүр сатуучу ишкерлерге тараза коюу жана көмүрдүн баасы көрүнүктү жерге илиниши боюнча бекитилген балардын негизсиз жогорулашына жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын көмөгү аркылуу “Кара-Кече” көмүр кенинен көмүр отуну тартылууда.
Учурда көмүрдүн баасы 1тонна 5000 сомдон 1 кг 5,50 сатылууда. Бүгүнкү күнгө көмүр боюнча абал туруктуу.