Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында көмүргө жана социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлдү
24.01.2024Сүлүктү шаарында көмүрдүн өздүк наркына жана бааларына мониторинг жүргүзүлдү
25.01.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл
аймагынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г.А.Кандарованын
катышуусунда Масы айылында 2024-жылдын 24-январында СМТ бааларына
мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен баалар (минималдуу-максималдуу):
- Нан азыктары (тандыр нан) 1кг. 83,00- 95,00 сом;
- 1-сорттогу буудай уну (имп.) 1кг. 43,00- 45,00 сом;
- 1-сорттогу буудай уну (жерг.) 1 кг. 31,00- 35,00 сом;
- Уй эти 1кг. 460,00-530,00 сом;
- Кой эти 1кг. 600,00 сом;
- Күрүч 1кг. 120,00-170,00 сом;
- Кум шекер 1кг. 80,00-95,00 сом;
- Тазаланган өсүмдүк күн карама майы 1л. 130,00-170,00 сом;
- Жумуртка 10 даанасы 120,00-130,00 сом экендиги
аныкталды.
Мониторинг учурунда базарда жана соода түйүндөрүндө эмгектенген
ишкерлерге бааны негизсиз жогорулатпоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарын
так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.