Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун күнүнө карата Кызмат тарабынан бир айлык жарыялангандыгын маалымдайт.
Кызматтын төрагасы Г.К. Асылбаеванын 2024-жылдын 19-февралындагы №34 буйругу менен 2024-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин “Керектөөчү жана ишкер – өнүгүү үчүн ишеним” айлыгын өткөрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди.
Бул тема Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан Евразия экономикалык биримдигинде 2024-жылга карата приоритеттүү тема катары бекитилген.
2024-жылдын темасы керектөөчүлөрдүн жана ишкерлердин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу жана алардын ортосундагы ишеним мейкиндигин бекемдөө максатында тандалган.
Кызмат тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, медициналык жана билим берүү мекемелеринин, мектеп окуучуларынын жана студенттердин катышуусу менен республиканын бардык региондорунда маалыматтык жана окутуучу иш-чаралар болжонгон.
Иш-чаралардын темалары ишкерлердин жана коомдун кызыкчылыктарынын балансын сактоо маселелерине арналган. Бул керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы саясатты жайылтууга, керектөө рыногунун катышуучуларынын ортосундагы жакшы өз ара мамилелерди колдоонун жана өнүктүрүүнүн жаңы механизмдерин кеңейтүүгө жана жайылтууга мүмкүндүк берет.
Аталган иш-чаралардын алкагында Кызмат тарабынан төмөнкүдөй милдеттер пландаштырылган:
иш-чаралар:
– төмөндөгүдөй темалар боюнча “Тегерек столдорду” уюштуруу жана өткөрүү:
• «Коомдук тамак-аш продукцияларын өндүрүү жана сатуу эрежелери»
• Өлчөөлөрдүн туура эмес натыйжаларынын кесепеттеринен жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик органдын ролу ж. б.;
– Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык жардам көрсөтүү боюнча семинарларды өткөрүү;
– Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча семинарларды (тегерек столдорду) өткөрүү, консультациялык жардам көрсөтүү жана туристтик сектордун өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
билим берүү мекемелеринде лекцияларды, семинарларды, интеллектуалдык викториналарды уюштуруу жана өткөрүү:
– Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан калкка (керектөөчүлөргө) көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына мониторинг жүргүзүү;
– Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо алкагында жана эң актуалдуу темалар боюнча Кызматтын иши жөнүндө макалаларды даярдоо жана жайгаштыруу
– Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча калк үчүн масштабдуу маалыматтык жана түшүндүрүү иш-чаралары.
Маалым кат Жылдын темасы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттеринин программасына ылайык жыл сайын аныкталат. 2023 – жылы өлкөлөрдүн биргелешкен иши “Сабаттуу керектөөчү – жоопкерчиликтүү бизнес” урааны астында жүргүзүлүүдө.