Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2024-жылдын 1-март күнү Токтогул шаарында соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр аныкталды:
Социалдык маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Токтогул шаарынын соода түйүндөрүндө эмгектенген ишкерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоо, керектөөчүлөр үчүн товардын, азык-түлүктүн бааларын көрүнүктүү жерде илинип туруусу жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын түшүндүрүп, ооз эки эскертүүлөр берилди.
Мындан арыда, бөлүм тарабынан социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлүп турат.