Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин “Керектөөчү жана ишкер өнүгүү үчүн ишеним” айлыгын өткөрүү боюнча кызматтын иш чараларынын планы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдын 29-декабрындагы №737/67-7 сандуу “2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө” токтому кабыл алынган.
Жогоруда бекитилген пландарды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, КР Улуттук банкынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын жана Талас шаардык Салык кызматынын адиси менен биргеликте 2024-жылдын 5 мартында Талас шаарында жайгашкан ишкердик субъектерге накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө кээ-бир соода жана кызмат көрсөтүүчү түйүндөрдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн программалык-техникалык түзүлүштөр жоктугу аныкталды. Ишкерлерге Кыргыз Республикасынын “Кректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 27 берененин талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүү менен бирге – мыйзам бузуучулукту четтетүү боюнча аткаруу мөөнөтүн белгилөө менен көрсөтмөлөр берилди.