Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинде жолугушуу өткөрүлдү
06.03.2024Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жана Талас шаарынын Мэриясынын кызматкери менен биргеликте, Талас шаарында өзүн-өзү тейлөө унаа жуучу жайларга мониторинг жүргүзүштү
06.03.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 (бир) айлык иш планынын негизинде 2024-жылдын 6-мартында Токмок медициналык колледжинде студенттер жана мугалимдер менен жолугушуулар жүргүзүлдү.
Жолугушуу кызматкерлер тарабынан даярдалган презентация (слайд) көрсөтүү менен студенттерге КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптары, керектөөчү өз укугун кандай коргой алары жана керектөөчүнүн укугу тебеленгенде кайсыл мамлекеттик органдарга кайрылуу керектеги боюнча толук маалымат түшүндүрүлдү. Андан тышкаары студенттер тарабынан берилген суроолорго толук маалыматтар берилди.
Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын ишмердүүлүгүн көрсөтүү жана жайылтуу үчүн бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер жана Кызматтын ишмердүүлүгү, милдеттери, функциялары боюнча дагы толук маалыматтар берилди.