Чүй облусу боюнча бөлүмү тарабынан 15-март дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 айлык иш планынын негизинде Токмок медициналык колледжинде иш чара жүргүзүлдү
06.03.2024Үч-Коргон айылындагы Жалпы дарыгерлер практика борбору тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баа прейскуранты макулдашылды
07.03.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин «Керектөөчү жана ишкер өнүгүү үчүн ишеними» аталышындагы иш планын ишке ашыруу максатында, 2024-жылдын 6 – март күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жана Талас шаарынын Мэриясынын кызматкери менен биргеликте, Талас шаарында өзүн-өзү тейлөө унаа жуучу жайларга мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө Талас шаарындагы өзүн-өзү тейлөө унаа жуучу жайларда кызмат акысы тууралуу маалымат көрсөтүлбөй иш алып барып келишкен. Тагыраак айтканда керектөөчүлөргө унаа жуучу жайлардын администрациясы тарабынан суунун, көбүктүн жана башка кошумча кызматтарга төлөнүүчү баасы тууралуу маалымат берилген эмес
Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин 2-пунктуна ылайык :
(Товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) аталышын;
- товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) улуттук валютадагы жана (же) пайыздык туюнтмадагы баасын, комиссиялык сый акыларын жана тарифтерин, ошондой эле сатып алуу шарттарын);
Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам бузучулукту жоюу максатында өзүн-өзү тейлөө унаа жуучу түйүндөрдүн ээлерине түшүндүрү иштери жүргүзүлүп, аталган мыйзам бузуучулукту токтоосуз жою максатында жазма көрсөтмөлөр берилди.