Республика ичиндеги авиаташууларга билеттердин баасы боюнча Кызматтын дарегине келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу, жүргүнчүлөрдү ташуучу ички каттамдарды ишке ашыруучу авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен Кызматтын аянтчасында жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча авиакомпаниялар тарабынан алардын ишмердүүлүгү жана авиабилеттердин баасы жогорулабагандыгы тууралуу маалымат берилди. Сатуу үчүн авиабилеттердин баалары алардын расмий сайттарында ачык жеткиликтүүлүктө жайгаштырылат жана 4 миң сомдон ашпайт.
Бирок, бир катар өзгөчө учурларда, биринчи орундуктарга жакшыртылган кызматтар көрсөтүлөт жана бул орундарга билеттердин баасы бир аз жогору. Мындай орундардын саны учактын салонундагы орундардын жалпы санынын 3-4% түзөт.
Ошондой эле авиакомпаниялар жүргүнчүлөргө – 12 жашка чейинки балдарга, ардагерлерге, пенсионерлерге жана башка жеңилдетилген категориядагы жарандарга жеңилдиктерди берет.
Агенттик кассалар аркылуу билеттерди сатып алууда билеттин наркына агенттик сый акы кошулат, эгерде керектөөчү билеттерди авиакомпаниялардын түз агенттери аркылуу эмес, субагенттер аркылуу сатып алса, анда кошумча төлөйт, ошондой эле алдамчылык учурлары да орун алышы мүмкүн.
Буга байланыштуу Кызмат билеттерди алып сатарлык баалар боюнча сатып алууну болтурбаш үчүн аларды түздөн-түз компаниялардын авиакассаларынан же алардын расмий сайттары аркылуу сатып алууну сунуштайт. Билеттерди алып сатарлык баада сатып алган учурда керектөөчү Кызматка же тиешелүү авиакомпанияга кайрыла алат.