Талас облусунун Талас шаарында жана Талас районунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
12.03.2024Баткен облустук бөлүмү Баткен шаарынын №57 кесиптик лицейинин окуучулары жана кесипкөй окутуучулар жамаатынын катышуусунда “Керектөөчү өз укугуңду билип ал” деген темада иш чараларды өткөрдү
12.03.20242024-жылдын 12-март күнү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата иш чаранын негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн башкы адиси А.Дыканов Баткен улуттук телеканалына керектөөчү деген ким болот деген темада түз эфирге интервью берди, интервьюнун жүрүшүндө керектөөчү укуктарын кантип коргоо жөнүндө кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында иш жүзүндө аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматтар айтылды. Ал эми азык-түлүк товарларды сатып алууда укуктары бузулса кимге кайрылуу дареги жана телефон номери айтылды. Андан сырткары социалдык жактан маанилүү товарлардын кескин жогорулап кеткенде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо үчүн кайсы учурда мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү боюнча Баткен облусунун калкына тийиштүү маалыматтар берилди.