Каракол шаардык мэриясында “Керектөөчү, укуктарынды бил!” темасына тегерек стол (презентация) жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Керектөөчү, укуктарынды бил!” темасына лекция (презентация) өткөрүлдү
12.03.2024Баткен облустук бөлүмүнүн башкы адиси Баткен улуттук телеканалына керектөөчү деген ким болот деген темада түз эфирге интервью берди
12.03.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин “Керектөөчү жана ишкер өнүгүү үчүн ишеним” айлыгын өткөрүү боюнча кызматтын иш чараларынын планын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 12 мартында Талас шаарында жана Талас районуна жайгашкан:
- “УНАА” мамлекеттик мекемесинин Талас регионалдык бөлүмү;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Талас филиалы;
- Талас райондук жалпы дарыгердик практика борбору;
- Субанов Үсүркан атындагы Талас токой чарбасы;
- Ч. Мамбетов атындагы Талас облустук биргелишкен оруканасы;
- Талас шаарынын жана Талас районунун калкты тейлөө борборуна
накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча жана жогоруда аталган мекеме ишканалардын прейскуранттардын (баасы) жана иштөө режимин кардарларга көрүнүктүү жерге жайгаштыруу (илүү), боюнча мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө кээ-бир мамлекеттик мекемелерде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн программалык-техникалык түзүлүштөр жоктугу аныкталды. Мамлекеттик мекеме жетекчилерине Кыргыз Республикасынын “Кректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 27 берененин талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүү менен бирге – мыйзам бузуучулукту четтетүү боюнча аткаруу мөөнөтүн белгилөө менен көрсөтмөлөр берилди.