2023-жылдын 7-мартында Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан 15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата бир айлык иш-чара планы каралган. Каралган планды аткаруу максатында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жана Каракол шаардык мэриясында “Керектөөчү, укуктарынды бил!” деген темада тегерек стол жана студенттерге лекция өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө, мэриядагы болгон тегерек столго мамлекеттик жергиликтүү органдардын жана Каракол шаардык мериясынын кызматкерлери чакырылып тегерек столдо керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндөгү видео роликтер менен кошо “Керетөөчүлөрдүн укутарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 49,51,53-беренелери боюнча слайттар көрсөтүлүп ар бир берене боюнча өз-өзүнчө түшүндүрүп берилип ошону менен бирге суроо-жооп ирээтинде пикир алмашуу болду. Ошондой эле, студенттер менен жогоруда аталган мыйзамдын 3-беренеси жөнүндө түшүндүрмө берилди. Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” мыйзамынын негизги багыттары менен, керектөөчүлөрдүн жана сатуучулардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу боюнча суроолорго жооп берилип, ошону менен биге керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча актуалдуу көйгөйлөр көтөрүлүп, тегерек столго жана лекцияга катышкан тараптардан сунуштар айтылды.