“15-март бүткүл дүйнөлүк керетөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата иштелип чыккан бир айлык иш-чаранын алкагында Ош шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборунда Кыргыз Республикасынын “Керетөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарынын сакталуусун көзөмөлдөө боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг төмөндөгү багыттарды камтыды:
1. Иштөө режиминин, прейскуранттардын илиниши;
2. Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүштүн) менен камсыз болуусу;
3. Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты;
4. Керектөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча жүрүгүзүлгөн иш-чаралар ж.б.
Жогорудагы төрт багыт боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароодо тийиштүү денгээлде иш жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды.
Жыйынтыгында аталган борбордун жетекчилигине эскертме кагазы берилди.