Бүгүн, 11-март күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата пландалган иш-чарага ылайык, «Азия Моторс» ЖЧКда эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жоопкерчилиги менен милдеттери боюнча кенен маалымат берилди.
Кызматкерлер менен суроо-жооптор орун алып, атайын даярдалган буклеттер таратылды.
Иш- чара Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования төрагасынын 2024-жылдын 19-февралындагы “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 айлык өткөрүү жөнүндөгү” №34 буйругун аткаруу максатында өткөрүлдү.