15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” күнүнө карата жарыяланган 1 айлыктын алкагында, 2024-жылдын 12-март күнү Ош шаарындагы Бабур драма театрында кеңири масштабдагы жолугушуу семинары өткөрүлдү.
Жолүгушууга Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования төрагасынын орун басары Ж.Б.Орозбаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары И. А. Ташбаев, Кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайынын студенттери жана журналисттер катышты.
Аталган жолугушууда керектөөчүлөргө өз укуктары тууралуу маалыматтар берилип, шаар тургундары кызыктырган суроолорду жаадырышты.
Жарандар, көбүнесе социалдык тейлөө тармагындагы жана коомдук тамактануучу жайларда керектөөчү катары укуктары бузулуп жаткандыгына токтолушту.
Андан сырткары керектөөчүлөр үчүн маалыматтардын жетишсиздигин, ушундай жолугушууларды дагы да көбөйтүү керектигин айтышты.
Өз сөзүндө ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары И. А. Ташбаев, ушундай иш-чара уюштургандыгы үчүн Кызматтын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.