Ысык-Көл облустук бөлүмү 15-март Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнүнө карата бир айлык иш планынын негизинде 2024-жылдын 19-мартында Кызматтын төрагасынын орун басары А.А. Мамыралиевдин жетекчилигинде керектөөчүлөрдүн укуктары мамлекеттик жана башка кызматтар көрсөтүүдө корголуушу жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткарылышы боюнча Чолпон-Ата шаарында жыйын өткөздү. Жыйынга Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын, Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөткөн мекемелердин өкүлдөрү жана жалпы керектөөчүлөр катышты.
Жыйындын жүрүшүндө темага жараша жана монополияга каршы мыйзамдары жөнүндө слайд, видео-роликтер көрсөтүлүп, катышуучулар Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” мыйзамын негизги багыттары жана талаптары менен, керектөөчүлөрдүн жана сатуучулардын ортосундагы мамилелер, товарлардын сапаты жөнүндө жана башка талаптар менен таанышышты. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча актуалдуу көйгөйлөр көтөрүлүп, талкулоо болуп, керектөөчүлөрдү көпчүлүк кызыктарган суроолоруна жооп ала алышты.
Ошону менен бирге, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапаттары боюнча, керектөөчүлөр кызмат алуу учурунда толук маалымат алуу боюнча, кызмат көрсөткөн мекемелрдин милдеттери жана жоопкерчилиги боюнча, керектөөчүлөрдөн келип түшкөн арыздарды кароодо мыйзам чегинде тийешелүү мамекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча органынын милдеттери жөнүндө түшүндөрмөлөр берилди.